إِذَا زُلۡزِلَتِ ٱلۡأَرۡضُ زِلۡزَالَهَا
Жер катуу титирегенде
الزلزلة
Read Surah Az-Zalzalah in Kyrgyz (الزلزلة) with Arabic text, Kyrgyz translation, and audio recitation. Chapter 99 of the Holy Quran, 8 verses — free online.
Quran in Kyrgyz · all 114 Surahs
إِذَا زُلۡزِلَتِ ٱلۡأَرۡضُ زِلۡزَالَهَا
Жер катуу титирегенде
وَأَخۡرَجَتِ ٱلۡأَرۡضُ أَثۡقَالَهَا
жана өзүнүн “жүктөрүн” чыгарып таштаганда…[1]
[1] Бул аяттар Кыямат кайымдын болоор алдындагы алааматтар жөнүндө баян. Ошондо жер катуу титирегенден улам анын ичиндеги өлүктөр жана кен байлыктардан турган “жүктөр” сыртына чыгып калат.
وَقَالَ ٱلۡإِنسَٰنُ مَا لَهَا
Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт.
يَوۡمَئِذٖ تُحَدِّثُ أَخۡبَارَهَا
Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт.
بِأَنَّ رَبَّكَ أَوۡحَىٰ لَهَا
Анткени, ага Раббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган.[1]
[1] Жер дагы Кыяматта күбөгө өтүүчү макулуктардын бири. Аллах “сүйлө” деп буюрганда, ал өзүнүн үстүндө ким эмне иш жасаганын айтып берет.
يَوۡمَئِذٖ يَصۡدُرُ ٱلنَّاسُ أَشۡتَاتٗا لِّيُرَوۡاْ أَعۡمَٰلَهُمۡ
Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет.
فَمَن يَعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّةٍ خَيۡرٗا يَرَهُۥ
Жана ким кыпын салмагындай[1] жакшылык кылган болсо – аны көрөт
[1] Бул аяттагы مِثۡقَالَ ذَرَّةٍ (мискаала зарратин) деген сөздү "кыпындай" деп которуу анын маанисин толук ачып бере албайт. Аяттагы مِثۡقَالَ "мискаала" деген сөз салмакты түшүндүрөт. Бул маани өз кезегинде кыяматтагы таразага ишаарат.
وَمَن يَعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّةٖ شَرّٗا يَرَهُۥ
жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо – ошону көрөт.
Az-Zalzalah
Play