Surah Al-Fil in Kyrgyz

    الفيل

    Surah Al-Fil in Kyrgyz

    Read Surah Al-Fil in Kyrgyz (الفيل) with Arabic text, Kyrgyz translation, and audio recitation. Chapter 105 of the Holy Quran, 5 verses — free online.

    Quran in Kyrgyz · all 114 Surahs

    1

    أَلَمۡ تَرَ كَيۡفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِأَصۡحَٰبِ ٱلۡفِيلِ

    (Оо, Мухаммад!) Раббиң пил ээлерин эмне кылганын билбедиңби![1]

    [1] Меккеде түшкөн жана беш аяттан турган бул сүрөдө Аллах таала пайгамбарыбыздын чоң атасы Абдул Мутталиптин доорунда болгон окуяны баяндайт: Хабашанын каапыр падышасы Абраха Каабаны бузуп салуу үчүн пилдер жана сансыз кошуун менен келген мезгилде Аллах таала пил ээлеринин ойлогон айла-амалдарын текке кетирип, кийинки аяттарда айтылгандай кордук өлүмүнө дуушар кылат.

    2

    أَلَمۡ يَجۡعَلۡ كَيۡدَهُمۡ فِي تَضۡلِيلٖ

    (Раббиң) алардын (Каабаны бузуп салуу үчүн ойлогон) айла-амалдарын текке кетирбедиби?

    3

    وَأَرۡسَلَ عَلَيۡهِمۡ طَيۡرًا أَبَابِيلَ

    Жана аларга каршы топ-топ куштарды жиберди.[1]

    [1] Булар жөнөкөй куш эмес, Аллах тааланын куш түспөлүндөгү аскерлери-периштелер болчу.

    4

    تَرۡمِيهِم بِحِجَارَةٖ مِّن سِجِّيلٖ

    (Куштар чеңгелиндеги) чопо-таштар менен аларды ташбараңга алышты.[1]

    [1] Ал чопо-таштар чачырап тийген Абраханын жана аскерлеринин денеси курт жеген жалбырактай илме-тешик болуп калды.

    5

    فَجَعَلَهُمۡ كَعَصۡفٖ مَّأۡكُولِۭ

    (Аллах) аларды мойсолгон жалбырактай кылып койду![1]

    [1] Аллах Өзүнүн Үйүн ушинтип сактады. Ушул окуядан эки айга жетпеген күндөрдөн соң, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам жарык дүйнөгө келген. Бул жыл араб жана Ислам тарыхында «Пил жылы» деп жазылып калды.

    Al-Fil

    Play